Президент Садыр Жапаров Түп-Кеген жолунун ачылышына катышты
- 1 год мурун
Бүгүн, 29-сентябрда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Түп районунда Түп–Кеген автожолунун ачылыш аземине катышты. Мамлекет башчысы жол инфраструктурасы өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги багыттарынын бири экенин баса белгилеп, бул тармакка акыркы жылдары өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты.
Садыр Жапаровдун айтымында, жолдор соода-сатыкты, туризмди жана элдин жашоо деңгээлин жакшыртат. Ал республика боюнча заманбап жолдорду куруу иштери кызуу жүрүп жатканын, алардын 80%дан ашыгы мамлекеттик бюджеттин эсебинен салынып жатканын кошумчалады.
Түп–Кеген жолу Ысык-Көлдү Казакстандын Алматы облусу менен байланыштырып, регионалдык соода жана туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Жолдун узундугу 52 чакырымды түзүп, заманбап стандарттар менен оңдолду. Долбоор Дүйнөлүк банк менен кызматташтыкта ишке ашты.
Президент ошондой эле бул жолдун туристтик маанисине токтолуп, Балыкчыдан Түпкө чейинки 5 туристтик сервис борбору курулганын, Каркыра жайлоосу, Сан-Таш комплекси жана ички айылдык жолдор да оңдолгонун билдирди.
Жыйынтыгында, президент бул сыяктуу долбоорлор өлкөнүн өнүгүүсүнө жана жарандардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталганын белгилеп, бардык өнөктөштөргө жана куруучуларга ыраазычылык билдирди.




