Президент Садыр Жапаров Санарип кодексине кол койду

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 18-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Санарип кодексине кол койду. Бул документ өлкөнүн санариптик чөйрөсүн укуктук жөнгө салуу максатында иштелип чыккан.

Санарип кодекс адамдын жана жарандын санарип мейкиндиктеги укуктарын коргоо, санарип экономикасын өнүктүрүү жана инвестициялык жагымдуулукту жакшыртуу сыяктуу максаттарды көздөйт.

Санарип кодексте санарип чөйрөдө укуктук жана мамлекеттик жөнгө салуунун негиздери, мамилелердин субъекттери менен объекттеринин өз ара аракеттенүүсү, жеке жана санарип дайындарын иштеп чыгуу тартиби, санарип жана телекоммуникациялык сервистерге, жасалма интеллект системаларына байланышкан жоболор, ошондой эле санариптик системалардын туруктуулугун камсыз кылуу боюнча тартиптер камтылган.

Санарип кодекси расмий жарыяланган күндөн тарта алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты