Президент Садыр Жапаров IV Евразия экономикалык форумунда сөз сүйлөдү
- 12 месяцев мурун
Президент Садыр Жапаров Минск шаарында өткөн IV Евразия экономикалык форумунун пленардык сессиясына катышып, Евразиялык интеграциянын келечеги боюнча өз оюн билдирди.
Ал Кыргызстан өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип жатканын жана кооперациялык долбоорлорду каржылоо натыйжалуу механизмге айланганын белгиледи. Ошол эле учурда чакан өлкөлөр үчүн тандоо шарттарын жеңилдетүү зарылдыгын айтты.
Президент экономиканы модернизациялоонун негизги багыттары катары өндүрүштү локализациялоо, санариптештирүү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, ошондой эле илимий-изилдөө иштерин колдоону сунуштады.
Кыргызстан текстиль, тамак-аш, фармацевтика, курулуш жана машина куруу тармактарын артыкчылыктуу деп эсептейт. Садыр Жапаров өнөр жайды өнүктүрүүдө өлкө Бирликтин жана тышкы өнөктөштөрдүн алкагында кызматташууга даяр экенин белгиледи.




