Президент Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан депутаттыкка талапкерлер менен жолукту

  • 12 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров 12-майда Бишкек шаарындагы № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого аттанган талапкерлер менен жолугушту.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

“Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында шайлоолордун жыйынтыгына бир нече жолу нааразычылыктар жаралып, элдин талаптары эске алынбай, тилекке каршы, 3 жолку төңкөрүштү башыбыздан кечирдик. Эң башкысы, элдин бийликке болгон ишенимине доо кетти. Мына ошондуктан өткөндөн сабак алып, ар бир шайлоого терең маани берип, тыкыр көңүл буруп, аны ачык-айкын, таза өткөрүшүбүз керек» деди президент.  

Президент, талапкерлерге БШКнын башчысы менен бирге экскурсия жасап, шайлоочуларды идентификациялоонун жогорку IT-технологиялары колдонулган жаңы система кандай иштээрин өз көзү менен көрүп чыгууну сунуштады.

“Сиздердин алдыңыздарда шайлоону өткөрүүгө тиешелүү жетекчилердин баарын эскертемин. Бир да мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер үгүт иштерине аралашпасын» деди мамлекет башчы.

Өз кезегинде талапкерлер мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Президент Садыр Жапаровго бир катар суроолорду берип, жооп ала алышты.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты