Президент курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушту
- 7 месяцев мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-январда, өлкөнүн ири курулуш компанияларынын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.
Жолугушуу суроо-жооп форматында өттү. Талкуунун жүрүшүндө куруучулардын милдеттенмелерин аткарууларына, ошондой эле курулуш тармагын тескеген ченемдик укуктук базадагы карама-каршылыктарды жоюу жана аны өркүндөтүүгө байланыштуу көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү.
Куруучулардын ачык-айкын жана таза иштеши керектигин баса белгилеп, жарандардын алдындагы милдеттенмелерди бузууга жол берилбестигин айтты.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге тийиштүү тапшырмалар берилди.
Сүрөт: president.kg




