Президент: Казынадан бөлүнгөн акчалар текшерүүгө алынат

  • 12 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров министрлерден тарта айыл өкмөттөргө чейин бардык мамлекеттик кызматкерлерге кайрылып, казына акчасын уурдаган жетекчилер жазасыз калбай турганын эскертти.

Президент эл тарабынан “мамлекеттик казына ыйык” деген талап менен шайланганын, өзүнүн командасын да ушул принцип менен кызматка койгонун баса белгиледи. Бирок, тилекке каршы, айрым жетекчилер социалдык жана инфраструктуралык иштерге бөлүнгөн акчаларга кол салып жатканына нааразылыгын билдирди.

Президент сентябрь айынан тарта өлкө боюнча бардык курулуш жана ремонт иштерине бөлүнгөн каражаттар боюнча адистерден турган көз карандысыз комиссия түзүлөрүн билдирди. 

Сентябрь айынан баштап бүткүл өлкө боюнча казынадан акча бөлүнүп берилип жасалып жаткан иштер, курулуп жаткан курулуштар, асфальтталып жаткан жолдор боюнча адистерден топтолгон комиссия түзүлүп, канча акча колуңарга тийди, кандай жумуштар аткарылды, канчага аткарылды, канчасы уурдалды жалпы өлкө боюнча текшерүү жүргүзөбүз. Муну мен жеке өзүм колго алам. Кимде-ким уурдаган болсо, он эселеп кайтарасыңар жана камаласыңар”, — деп жазды президент.

Ошондой эле ал мамлекеттик кызматта эмгек акы жетишсиз деп эсептегендерди бизнеске өтүүгө чакырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты