Президент Кара-Кулжа районунун тургундары менен жолугушту

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-апрелде, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун активи жана тургундары менен түз диалог өткөрдү.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.  

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар унаа жолдорун жана көпүрөлөрдү куруу жана оңдоо, маселелерин көтөрдү.

Өзгөчө көңүл саламаттык сактоо, билим берүү тармактарына бурулду. Суу менен камсыздоо, ирригация, дарыя жээктерин бекемдөө жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча да өтүнүчтөр айтылды. Жарандардын укуктарын коргоо жана көйгөйлөрдү жөнгө салуу маселелери талкууланды.

Көтөрүлгөн көйгөйлөр боюнча конкереттүү тапшырмалар берилди. Жарандар көтөргөн укуктук жана жер маселелери боюнча текшерүү , жарандардын укуктарын коргоону камсыз кылуу жана мыйзам бузуулар аныкталган учурда тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.

Президент Кара-Кулжа районунун тургундары менен жолугушту

Анан мурда президент Ош шаарынын, Ош облусунун Кара-Суу, Араван, Алай, Чоң-Алай райондорунун тургундары менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берген.

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты