Президент Германиянын элчиси Моника Ленхардды кабыл алды

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Германиянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Моника Ленхардды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Мамлекет башчы элчинин ишеним грамоталарын кабыл алып, аны Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчы акыркы жылдары өлкөлөр ортосундагы соода кызматташтыгы активдүү өнүгүп жатканын белгилеп, Кыргызстандын экологиялык таза айыл чарба өндүрүмү жаатында германиялык өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде элчи Моника Ленхард эки тараптуу алакаларды мындан ары да чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даярдыгын баса белгиледи.  

Сүрөт: president.kg  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты