Президент Европа Бирлигинин жогорку өкүлү Жозеп Боррелди кабыл алды

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-августта, өлкөгө иш сапары менен келген Европа Бирлигинин жогорку өкүлү — Европа комиссиянын вице-президенти Жозеп Боррелди кабыл алды.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

Маалыматта айтылгандай, кеңири чөйрөдөгү маселелер, анын ичинде соода-экономикалык кызматташтыктын, инвестициялардын келечеги жана энергетика, транспорт жана суу ресурстары, санариптештирүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.
Президент Садыр Жапаров Европа Бирлигинин инвесторлоруна Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан масштабдуу гидроэнергетикалык жана транспорттук долбоорлорго кошулууну сунуштады.

Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашуу эки тараптуу мамилелерде, өзгөчө соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Жозеп Боррель Европа Бирлигинин Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө берилгендигин жана өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын ырастады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты