Еврокомиссия вице-президенти Маргаритис Скинастын сапары: Бир катар маселелер талкууланды

  • 4 месяца мурун

15-январда Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинас  менен жолугушуунун жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Евробиримдик менен аймактар аралык жана эки тараптуу кызматташуунун активдүү динамикасын белгиледи.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, мамлекет башчы жана Еврокомиссиянын вице-президенти маселелерди , анын ичинде Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктуу долбоорлорду, инвестицияларды, каржылоону, банктык мамилелердин келечегин жана аймактык коопсуздук маселелерин талкуулашты.

Кыргыз Республикасындагы адам укуктарын талкуулоодо мамлекет башчы активдүү жарандык коомду, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин жана Интернетке чектөөсүз кирүүнү белгилеп, онлайн-мейкиндиктеги ишенимдүү маалыматтын маанилүүлүгүн айтты.

Еврокомиссиянын вице-президенти Маргаритис Скинас каржы-экономикалык өнөктөштүк чөйрөсүндө кызматташтык күчөтүлөрүнө ишенимин билдирди.

Еврокомиссиянын вице-президенти анын Кыргызстанга болгон сапары климаттык долбоорлорго, транспорттук коридорлорду санариптештирүү жана өнүктүрүү маселелерине багытталганын белгиледи.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты