Президент Чек ара кызматкерлерине жаңы батирдин ачкычын тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы турак-жайды курууга республикалык бюджеттен 100 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөнүн белгиледи.

Учурда Шамалды-Сай чек ара отрядынын имаратын кайра реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Мамлекет башчысы ошондой эле учурда Баткен облусунда жайгашкан аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатуу пландалып жатканын кошумчалады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты