Президент алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата кайрылуу жасады

  • 14 часов мурун

Президент Садыр Жапаров боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу кайрылуу жасады.

“Административдик-аймактык реформанын өзү бир топ өзгөрүүлөрдү алып келет. Мындан улам, бул жолку жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтө маанилүү иш-чара экенин баса белгилейм” деди президент Кайрылууда.

“Талапкерлердин ичинен татыктуусун тандоо да оңой иш эмес. Талапкерлердин арасында кызыл тилин жанган, убаданы укмуштай берген, акчасы менен арбай тургандар, бирок аймактын, шаардын жүгүн тартууга акылы, билими, тажрыйбасы жетпегендер жок эмес.Ушундай депутаттарды шайлап алып, анан беш жыл бою өкүнүп калбагыла. Мектеп, бала-бакча, жолдорду жана башка баардык соц обьектилерди мамлекет куруп беребиз. Эч бир талапкер же депутат өз чөнтөгүнөн жасай албайт. Депутаттар жергиликтуу аймактардын же шаарлардын элден чогулган бюджетин бекитип  беришет жана кандайдыр бир маселелерде макулдугун берет же баш тартат. Депутаттар жергиликтүү аймактардын же шаарлардын элден чогулган бюджетин бекитип  беришет жана кандайдыр бир маселелерде макулдугун берет же баш тартат» деди президент.

«Бийликке айрымдар сын-пикирлерин айтып келет. Албетте, ал сындар конструктивдүү болсо жакшы, пайдасы гана тиет. Бирок, бийликке курулай доомат артып, элге болсо асмандагы Айды алперем дегендер да бар. Иш жүзүнө келгенде кандай экенин көрүп эле жүрөбүз. Жер-жерлерде өз уул-кыздарыңардан – талапкерлердин дараметин сиздер жакшы билесиздер.“Кол ийрисине тартат” болбой, татыктууларын шайлаңыздар.

Мен ушул жерден баса белгилеп айтып коеюн, шайлоо өнөктүгүнө бийлик кийлигишпейт. Бийлик шайлоого да, башкасына да кийлигишкен мезгил, кайсы бир талапкерди сүрөмөлөп, кайсы бирин өгөйлөгөн заман артта калды. Кимде ким шайлоого киришип, кайсы бир талапкерди сүрөмөлөгөн мамлекеттик кызматкер аныкталып калса, анда катуу жазага тартылат.

Дагы бир маанилүү жагдай – 17-ноябрда шайланып келген жергиликтүү кеңештердин депутаттары алдыда боло турган Элдик курултайдын жер-жерлерден келе турган делегаттарын шайлашат. Демек, аймактардагылардын көйгөйлөрүн Курултайга алып чыгууда жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ролу маанилүү болот» деди президент.

Кайрылууда айтылгандай, үгүт кампаниясы эртең башталат, ал эми шайлоо 17-ноябрда өтөт. Административдик-аймактык реформага байланыштуу жергиликтүү кеңештер таркатылып, жаңы шайлоо дайындалган. Реформага чейин 32 шаардык кеңеш, 452 айылдык кеңеш, жалпысы 484 жергиликтүү кеңеш болгон болсо, реформадан кийин 33 шаардык кеңеш жана 231 айылдык кеңеш, жалпысы 264 жергиликтүү кеңеш түзүлүп, дээрлик 59%га кыскарды. Буга жараша мандаттардын да саны азайды.

Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалсын деген жарлык кабыл алынды.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты