Польшада өспүрүмдөргө кол салууга шектелген өзбек жараны күнөөсүз деп табылды

Польшада украиналык эки өспүрүмгө бычак менен кол салган деп шектелип жаткан өзбек жараны Машхурбек Козимжанов камактан чыкты. Бул тууралуу Өзбекстандын Польшадагы элчилиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 26 жаштагы өзбекстандык улан Бродно паркында болгон окуяга байланыштуу Варшава полициясына жабырлануучу катары арыз жазган.

«Польшанын укук коргоо органдарынын ыкчам-иликтөө иштеринин, ошондой эле Козимжановдун укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо максатында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында анын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, камактан чыкты»деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн тергөө иштерине байланышкан мындан аркы аракеттер Польшадагы элчиликтин жана активдүү мекендештердин көзөмөлүндө болорун кошумчалашты.

Буга чейин жергиликтүү Wyborcza басылмасы 22-июлда өзбек жараны Бродно паркында украиналык өспүрүмдөргө бычак менен кол салып, бирөө жаракат алганын кабарлаган.

Өзбекстандын Польшадагы элчилиги жарыялаган видеодо сүйлөгөн Машхурбек Козимжанов ага бир нече украиналык кол салганын, алардан коргонуп жатып бирине оор жаракат келтиргенин, бул окуядан кийин ага каршы кылмыш иши козголгонун айтып, жардам бергени үчүн өзбек дипломаттарына ыраазычылык билдирген.

Сүрөт: t.me/EmbuzPoland

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты