ПолитКлиниканын журналисттери “Умтулуу” сыйлыгында эки жолу биринчи орунду жеңип алды
- 3 года мурун
Улуттук «Умтулуу» сыйлыгынын эки номинациясында «ПолитКлиника» медиасынын журналисттери Кымбат Турдубекова менен Ырысбү Кылычбек кызы биринчи орунду жеңип алды.
“Умтулуу” сыйлыгынын «Эл жана анын бийлиги» деген номинация боюнча 1-орунду “ПолитКлиника” медиасынын журналисттери Кымбат Турдубекова жана Ырысбү Кылычбек кызы “Кайра эле баягылар. Эски депутаттардын 97си кайра талапкер” аттуу дата-материалы үчүн ээледи.
Ошондой эле Кымбат Турдубекова “Маданият жана агартуу” номинациясында биринчи орунду “ЖРТнын жыйынтыгы жок абитуриенттерди кабыл алган МУКтун коррупциялык схемасы” аттуу журналисттик иликтөөсү үчүн жеңип алды.
Муну бөлүшүү