“ПолитКлиника” медиасы фандрайзинг платформасын ишке киргизди

Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн «Медиа-К» долбооруна катышкан редакцияларга фандрайзинг (каржылык жардамдарды чогултуу) программасын ишке ашырыш үчүн Лейка плагинин орнотуу боюнча программа ишке ашырылып бүттү.
  
Өнөктөштөрдүн катарында kloop.kg, Жамааттык медиалардын ассоциациясы, economist.kg, Бишкек шаардык ТВ 1 каналы , incredible osh., «ПолитКлиника», «Салам медиа» бар.
  
Долбоор Лейка плагинин иштеп чыккандар жана «Демир» банкы менен кызматташтыкта ишке ашырылды. Фандрайзинг программасы жеке жана юридикалык жактардан редакциянын ишмердүүлүгүнө каржылык жардамдарды чогултууга мүмкүнчүлүк берет.
  
Каатчылыкта биздин көз карандысыз медиалар жогорку деңээлдеги кесипкөйлүктү көрсөтүп, дайыма коомчулуктун кызыкчылыгында иштеп келишет. Алар чынында коом менен бийликтин ортосундагы көпүрө боло алышты.
  
Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ЖМКларды фандрайзинг жолу менен колдоо маанилүү деп эсептейт.
  
Учурда фандрайзинг кампаниясын «Салам медиа» (salammedia.kg), «ПолитКлиника» (pk.kg) жана Жамааттык медиалар ассоциациясынын (kyrgyzmedia.kg) редакциялары ишке ашыра башташты.
  
«ПолитКлиника» редакциясына колдоо көрсөтүү журналисттерге жемкорлук схемалардын бетин ачкан, мыйзамды бузуу фактыларын аныктаган журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөнгө, маалыматтык талааны жалган жаңылыктардан тазалаганга, маалыматтык материалдарга фактчекинг жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
   
Эми сиздер биздин ишмердүүлүккө өз салымыңызды кошуп, колдой аласыз! VISA , MasterCard, Maestro «Элкарт» карталары менен төлөп 100 сомдон жогорку суммада каржылык жардам көрсөтсө болот.

«ПолитКлиниканын» ишмердүүлүгүн колдоңуз!

Урматтуу окурман!

Кыргызстанды эгемендүүлүк алгандан бери коррупционерлер, жемкорлор талап-тоноп, өнүктүрбөй келе жатканын баарыбыз билебиз! Бирок, көпчүлүгүбүз бийлик башына бир «Супермен» келип, мамлекетибизди ошол саздан чыгарат деп, кереметти күтүп жүрөбүз.

Чындыгында коомдун ар бир жараны активдүү болуп, мыйзамсыздыкка каршы күрөшө баштаганда гана чоңдорубуз алкымын тыймак. Биз, «ПолитКлиника» медиасы бул күрөштү баштап, 4 жылдан бери ири коррупциялык иштерди, жемкорлуктун бетин журналисттик иликтөөлөрүбүз аркылуу ачып келе жатабыз. Бул материалдар менен сиз «Иликтөөлөр» бөлүмүнөн таанышсаңыз болот.

Коррупция, мыйзамсыздык менен күрөшүү сиздин дагы колуңуздан келет! Ал үчүн сиз «ПолитКлиника» медиасынын ишмердүүлүгүнө колуңуздан келген жардамды берсеңиз болот! Сиздин колдооңуз бизге коррупциялык схемаларды, мыйзам бузууларды ачыктаган журналисттик иликтөөлөрдү жасоого, маалымат айдыңын фейк маалыматтардан тазалап, фактчекинг, дата материалдарын жасоого мүмкүнчүлүк берет. Жемкорлук менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Бизге жардам бергениңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты