Подмосковьеде 2025-жылдан тартып мигранттарга тез татымда иштөөгө тыюу салынат

  • 2 дня мурун

2025-жылдын 1-январынан тартып Москва облусунун бийлиги бир катар аймактарда патент боюнча чет элдик жарандарга иштөөгө тыюу салат.

Жаңы чектөөлөр алкоголь жана тамеки соодасына, тез татым, социалдык кызматтар, спорт, маданият, эс алуу, саламаттык сактоо жана билим берүү тармагына таасирин тийгизет.

Москва облустук өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Наталия Масленкина мындай чечимди мигранттар иштеген соода тармактарында керектөөчүлөрдүн даттанууларынын көбөйүшү менен түшүндүрдү. Мындан тышкары, анын айтымында, киргизилген чектөөлөр «мүмкүн болгон чыр-чатакты азайтууга жардам берет».

«Учурда Москва облусунда алкоголдук ичимдиктерди, сыраларды жана тамекилерди сатуучу дүкөндөргө аларды тартууга 15 пайыздык чектөө бар. Биз патент менен иштөөгө толук тыюу салган 22 аймакка кошулгубуз келет» деди ал .

Жаңы чектөө 5,6 миң патент ээсине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Масленкина алардын ордун орусиялыктар жана Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдүн – Армения, Беларус, Казакстан жана Кыргызстандын жарандары толуктай алат деп ойлойт.

Орус бийлиги “Крокус Сити Холл” концерттик залындагы теракттан кийин чет элдиктерге жана эмгек мигранттарына карата саясатын кескин катаалдаштырган. Кол салууга тажикстандык бир нече жаран шектелип жатат.

Чет элдик жумушчулардын иштеген жана жашаган жерлеринде күн сайын рейд жүрүп, документтери туура эмес делгендер депортацияланууда. Чет элдиктерге такси, дүкөн сыяктуу көп жерлерде иштөөгө тыюу салынды. Көптөгөн чет элдиктер аэропорттордо жана өткөрүү пункттарында Орусияга киргизилбей жатат.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты