Пластик заводунан чыккан өрттөн он киши жабыркады (Видео)   

Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Курманжан Датка көчөсүнүн №206 дарегинде жайгашкан «Ак-Тилек» пластик чыгаруучу заводтон чыккан өрт саат 22:37де толук өчүрүлдү.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 800 ч.м. түзгөн. Кырсыктын кесепетинен 10 адам ар кандай жаракат алган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   

Бүгүн, 7-ноябрда, пластик заводунан өрт чыккан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты