Парламенттин социалдык саясат комитет төрайымы болуп Раимбачаева шайланды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 25-майда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы болуп Венера Раимбачаева шайланды.

Буга чейин аталган комитетти жетектеген депутат Динара Ашимова өз каалоосу менен төрайымдыктан кеткен. Анын ордуна “Ыйман Нуру” парламенттик фракциясы депутат Венера Раимбачаеваны сунуштаган.

Жашыруун добуш берүүнүн негизинде 66 депутат талапкерди колдосо, 10 депутат каршылыгын билдирди.

Сүрөт: ЖК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты