Парламенттин комитети тууну өзгөртүү мыйзам долбоорун эки окууда колдоду

  • 7 месяцев мурун

Бүгүн, 19-декабрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун дароо экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына экинчи окууга чыгарылат.

Комитеттин отурумунда депутат Мирлан Самыйкожо желектин айланасындагы талаш-талкууга чекит коюу үчүн референдум өткөрүү керек экенин билдирди.

 9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил бакта тууну өзгөртүүгө каршы акция өттү

29-ноябрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Ага 66 депутат макул болуп, 8 депутат каршы чыкты.

Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев жана Улан Примов.

Тууну өзгөртүү мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Нурланбек Шакиев тууну өзгөртүүгө байланышкан каражаттарды чет элдик демөөрчүлөр колго алганын билдирген.

Кыргыз Республикасынын туусу Жогорку Кеңештин 1992-жылдын 3-мартындагы № 708-XII токтому менен бекитилген. Ага ылайык, туунун сүрөттөлүшү, өлчөмү, түсү жана башкалар баяндалып берилген.

Тууну өзгөртүү демилгесине каршы чыккан активист Афтандил Жоробеков ИИМ тарабынан кармалып, эки айга камакка алынды.

2-декабрда жарандык активист Автандил Жоробеков «Туудан колуңду тарт!» акциясына байланыштуу милицияда үч саат сүйлөшүүдө болгонун, андан кийин Улуттук коопсуздук комитетинде дагы сурак берип чыкканын билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты