Парламентте эки комитеттин төрагалары алмашты
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 25-февралда, парламентте эки комитеттин төрагалары алмаштырылды.
Болотбек Борбиев сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин төрагалыгынан кетүү арызын жазды. Аталган кызматка «Адилет Кыргызстан» депутаттык тобу депутат Сүйүнбек Өмүрзаковдун талапкерлигин көрсөттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгында Сүйүнбек Өмүрзаков Жогорку Кеңештин сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды.
Депутат Жылдыз Курманалиева аталган комитеттин төрагасынын орун басары болуп шайланды.
Депутат Гүлкан Молдобекова эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин төрайымы болуп шайланды. Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитеттин төрайымы Гүлсүнкан Жунушалиева да төрайымдык милдеттен бошотулду.
Бошонуу арызын жазгандардын себеби белгисиз. Бул учурдагы кардрык өзгөрүүлөргө тиешеси болушу мүмкүн.
Сүрөттө: Жыйын учуру. kenesh.kg




