Парламентке өткөн эки партия жаңы түзүлгөнү чын (Факчекинг) 

28-ноябрь күнү Замир Кадырбек уулу аттуу Фейсбук колдонуучусу Жогорку Кеңешке жаңы түзүлгөн партиялар өткөнүн жазып чыккан. 

Парламентке өткөн эки партия жаңы түзүлгөнү чын (Факчекинг) 

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

28-ноябрда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо 5%дык чектен жети партия өттү. 1-декабрга алынган маалыматка ылайык: 

  1. “Ата-Журт Кыргызстан” 15.03%;
  2.  “Ынтымак” 14.52%;
  3. “Ишеним” 12.25%;
  4. “Ыйман Нуру” 7.42%;
  5. “Альянс”  6.97%
  6. “Эл Үмүтү” 5.76%;
  7. “Бүтүн Кыргызстан” 5.78% добуш алды.

Белгилей кетсек, акыркы жыйынтык толугу менен эсептелип бүтө элек. Борбордук Шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, кол менен эсептөөнүн 37,73%ы бүттү. 

7-чакырылыштын депутататтарынын 54ү парламенттик тизме менен келет. Тактап айтканда мандаттар 5%дык чектен өткөн партиялардын арасында бөлүштүрүлөт. Ал эми 36 депутаттык орунду бир мандаттуу округ боюнча эң көп добуш алган талапкер алат. 

“Ата-Журт Кыргызстан” партиясы 

Парламентке эң көп добуш менен өткөн “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы жаңы эмес экени маалым. 

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, аталган партиянын каттоо номерине (ИНН)  ылайык 1999-жылы 22-сентябрда түзүлгөн. Ал эми 2021-жылы 26-февралда кайра каттоодон өткөн. 

Парламентке өткөн эки партия жаңы түзүлгөнү чын (Факчекинг) 

Азыркы учурда “Ата-Журт Кыргызстан” партиясын мурда “Мекенчил” партиясынын курамы менен шайлоого катышкан Айбек Маткеримов жетектей. Буга чейин ПолитКлиника медиасы аталган партиянын Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров менен болгон байланышын бир канча ирет аныктап чыккан. 

“Ынтымак партиясы” 

Шайлоодо эң көп добуш алган экинчи партия “Ынтымак” партиясы. Аталган партиянын жетекчиси Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты Марлен Маматалиев. “Ынтымак” партиясы 2012-жылы 4-октябрда каттоодон өткөн. 

Парламентке өткөн эки партия жаңы түзүлгөнү чын (Факчекинг) 

Буга чейин, парламенттик шайлоого катышып жаткан “Ынтымак” партиясынын курамындагы 9 талапкер октябрь айындагы шайлоодо массалык добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонууга айыпталган “Биримдик”,  “Мекеним Кыргызстан”  жана “Кыргызстан” партияларынын курамында болушкан. Алардын арасында партиянын негиздөөчүсү Марлен Маматалиев да бар. Ал 2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен катышкан. 

“Ишеним” саясий партиясы

Парламенттик шайлоодо Азамат Дороев жетекчилик кылган “Ишеним” партиясы да жаңы эмес. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, аталган партия 2011-жылы октябрь айында түзүлгөн. 

Парламентке өткөн эки партия жаңы түзүлгөнү чын (Факчекинг) 

Партия мурдагы шайлоолорго активдүү катышкан эмес. 2021-жылдан баштап, партия шаардык кеңештердеги жана парламенттик шайлоого активдүү катыша баштаган. Белгилүү болгондой, парламенттик шайлоого катышкан 54 талапкердин 10у 2020-жылдагы шайлоого “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” партиясынын курамында болгондор түзгөн.

“Ыйман Нуру” жана “Бүтүн Кыргызстан” партиялары 

2020-жылдан баштап активдүү боло баштаган “Ыйман Нуру” партиясы 2021-жылы июнь айында каттоодон өткөн. 

Парламентке өткөн эки партия жаңы түзүлгөнү чын (Факчекинг) 

Партияны коомдук ишмер Нуржигит Кадырбеков негиздеген. 

Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” партиясы эски партиялардын бири. Адахан Мадумаров жетекчилик кылган партия каттоо номеринде көрсөтүлгөндөй (ИНН) 2006-жылы негизделген. Ал эми, 2016-жылы кайра каттоодон өткөн. 

Парламентке өткөн эки партия жаңы түзүлгөнү чын (Факчекинг) 

“Эл Үмүтү” жана “Альянс” партиялары 

Парламенттик шайлоодо 5%дык чектен өткөн “Альянс” жана “Эл 

Үмүтү” партиялары 2021-жылы түзүлгөн. Бирок, “Альянс” партиясынын курамындагы талапкерлердин көпчүлүгү мурда башка партиялардын курамы менен шайлоого катышып жүргөн Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов сыяктуу саясатчылар бар.

Парламентке өткөн эки партия жаңы түзүлгөнү чын (Факчекинг) 

Ал эми буга чейин “Эл Үмүтү партиясында”  мурда “Мекенчил” саясий партиясынын курамында болгондор жана Теңгиз Бөлтүрүктүн тууганы бар экени белгилүү болгон. 

Белгилей кетсек, паламенттик шайлоого жалпы 21 партиядан 1004 талапкер катышкан. Жогорку Кеңешке өтүү үчүн 5%дык чектен өтүү талап кылынат. Жаңы мыйзамга ылайык, парламентке өтө турган 54 депутат партиялардан тандалып алынат. Ал эми 36 кандидат 1 мандаттуу округдар боюнча шайланып, жалпы 90 депутат 7-чакырылыштын депутаты болуп дайындалат. 

Жыйынтык: Парламенттик шайлоодон өткөн 2 партия 2021-жылы түзүлгөнү чын. Бирок алардын курамында да эски депутаттар бар. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты