Жаңы партиялардагы эски жүздөр. “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” жана “Биримдиктин” талапкерлери кайра шайлоого бара жатат 

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Ага 21 саясий партия, бир мандаттуу округдардан 300дөн ашуун талапкер катталды.

ПолитКлиника медиасы бирдиктүү шайлоо округу боюнча ат салышып жаткан партиялардын курамын анализдеп көрдү. 

245 талапкер 4-октябрдагы шайлоого катышкан 

Парламенттик шайлоого 21 партиядан жалпы 1047 талапкер катталган. Алардын арасынан 245и же жалпы талапкерлердин 23%ы 2020-жылы 4-октябрда өткөрүлгөн шайлоого катышкан.

 Алардын арасында, добуш сатып алууга жана октябрь толкундоолоруна себеп болгону үчүн айыпталган партияларда болгондору да бар. 

  1. “Ата Мекен” партиясынын 42%ы мурдагы шайлоого катышкан

Өмүрбек Текебаев жетектеп келе жаткан Ата-Мекен партиясында талапка ылайык 54 талапкер бар. Алардын арасынан 23ү же 43%ы 4-октябрда өткөрүлгөн парламенттик шайлоого ар кандай партиялардын курамы менен катышкан.

“Ата Мекен” партиясынын курамы:

Жаңы партиялардагы эски жүздөр. “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” жана “Биримдиктин” талапкерлери кайра шайлоого бара жатат 

Партиядагы 15 талапкер 2020-жылдагы шайлоого “Ата Мекен” партиясы менен катышса, калган 8 талапкер “Реформа”, “Замандаш”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Республика” менен катышышкан. 

  1. “Альянс” партиясынын 3 талапкери  мурдагы “Мекеним Кыргызстан” партиясындагылар

Жаңы түзүлгөн “Альянс” партиясынын курамындагы 23 талапкер мурдагы парламенттик шайлоого катышкан. Алардын арасында мурда “Мекеним Кыргызстан” партиясынын курамында болгон

Толкунбек Исаков, Гүлкан Молдобекова жана Таабалды Тиллаев да бар.

“Альянс” партиясынын курамы:

Жаңы партиялардагы эски жүздөр. “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” жана “Биримдиктин” талапкерлери кайра шайлоого бара жатат 

Белгилей кетсек,  “Альянс” партиясына кошулган Таабалды Тиллаев буга чейин Кыргызстандагы “коррупциянын символуна” айланган “Райымбек Матраимду колдоо” митингине чыккан. Ал, Райымбек Матраимов мамлекеттик казынага 2 миллиард сом төлөгөнүн айтып, аны экинчи ирет камоо туура эмес экенин билдирген. 

  1. “Биримдик” менен “Мекеним Кыргызстан” партиясындагыларды чогулткан “Ынтымак”

Чыңгыз Макешов жетекчилик кылган “Ынтымак” саясий партиясынын курамында 54 талапкер бар. Алардын арасынан 31и мурдагы парламенттик шайлоого катышпаган. Ал эми, былтыр шайлоого катышкандардын арасынан 9 талапкер октябрь айындагы шайлоодо массалык добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонууга айыпталган “Биримдик”,  “Мекеним Кыргызстан”  жана “Кыргызстан” партияларынын курамында болушкан. 

“Ынтымак” партиясынын курамы:

Жаңы партиялардагы эски жүздөр. “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” жана “Биримдиктин” талапкерлери кайра шайлоого бара жатат 

Ошондой эле, партияда мурдагы шайлоодо “Кыргызстан” партиясы менен ат салышкан Талант Мамытов да бар. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы, 24-октябрда, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду парламенттик шайлоого талапкер катары каттоодон баш тарткан. Анткени, Талант Мамытов белгиленген убакыт аралыгында  парламенттеги төрагалык кызматын өткөрүп берген эмес. Бирок, Жогорку Сот ага карабай Талант Мамытовду талапкер катары каттого чечимин кабыл алды.

  1. Бийликке ыктаган “Ишеним” партиясы 

Азамат Дороев жетектеп келе жаткан “Ишеним” партиясында 54 талапкер бар. Алардын ичинен 21 талапкер 2020-жылы 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоого катышкан. Ал эми бул 21 талапкердин арасынан 10у “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Кыргызстан” партиясынын курамында болгондор түзөт.

Жаңы партиялардагы эски жүздөр. “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” жана “Биримдиктин” талапкерлери кайра шайлоого бара жатат 

Ошондой эле “Ишеним” партиясында 2020-жылы УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев жетектеген “Мекенчил” партиясынан үч талапкер бар. 

  1. Экс- депутаттардын партиясы “Азаттык” 

“Азаттык” партиясында башкаларга салыштырмалуу мурда Жогорку Кеңеште иштеген депутаттар да бар. Алсак, мурда парламентте бир канча ирет депутат  болгон Ахматбек Келдибеков, Бөдөш Мамырова жана Жылдызкан Жолдошева да “Азаттык” партиясына кошулган. 

Жаңы партиялардагы эски жүздөр. “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” жана “Биримдиктин” талапкерлери кайра шайлоого бара жатат 

«Азаттык» партиясындагы көпчүлүк талапкерлер 2020-жылдагы октябрь окуяларына себеп болгон парламенттик шайлоого катышкан эмес. Бирок, партиянын 13,5%ын мурда “Мекеним Кыргызстандын” курамында болгондор түзөт. 

Белгилей кетсек, “Мекеним Кыргызстан” партиясы мурдагы шайлоодо массалык добуш сатып алууга айыпталып, кээ бир үгүтчүлөрү акча таратып жаткан жеринен кармалган

  1. “Мекенчил” менен “Мекеним Кыргызстандан” чыккан талапкерлер “Ата-Журт Кыргызстанга” кошулган

“Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын алдыңкы бештигине Айбек Маткеримов, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев, мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров, Өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директорунун мурдагы орун басары Жамила Исаева жана Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов кирген.

Партиянын курамында 54 талапкер бар. Алардын арасынан 2020-жылы “Мекенчил” партиясы менен парламенттик шайлоого 9 талапкер катышкан. Партия лидери Айбек Маткеримов да мурдагы шайлоого УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жетекчилик кылган “Мекенчил” партиясы менен аттанган.

“Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын курамы:

Жаңы партиялардагы эски жүздөр. “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан” жана “Биримдиктин” талапкерлери кайра шайлоого бара жатат 

Партиядагы 34 талапкер былтыркы жылы болуп өткөн парламенттик шайлоого катышкан эмес. Бирок, көпчүлүгү мурдагы “Ата-Журт” партиясынын курамына кирген же үгүттөөчүлөрү болушкан.

“Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын курамынын 14%ы же жетөө 2020-жылы “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен парламенттик шайлоого катышкандар түзөт.

Алар:

1) Каныбек Нарбаев — “Мекеним Кыргызстан” партиясынын 116-тизмесинде шайлоого катышкан. Ал 2013-жылга чейин Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык агенттигинин башчысы болуп турган.

2) Берадор (Бек) Борбуев — ырчы Бек Борбиев өткөн шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен 113-тизмеде орун алган. 28-ноябрда боло турган шайлоого “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы менен бара жатат.

3) Гулшаркан Култаева- 2020-жылдан бери “ОсОО Транс визит” компаниясына жетекчилик кылат. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын 24-тизмесинде шайлоого катышкан.

4) Арсланбек Эгембердиев- “АККА Петролеум” компаниясынын жетекчиси. Парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясынын 136-тизмесинде орун алган.

5) Алишер Козуев- мурдагы бажы кызматынын орун басары, Райымбек Матраимовдун жакын адамы экени белгилүү болгон. Ал, Раимбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова (Аманда Тургунова) менен “Россия Нефть” АЗСке ээлик кылып келген.

Кийинчерээк, Юстиция министрлигинин сайтында жетекчиси жалгыз Козуев Алишер болуп өзгөргөн. Козуев азыр “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын курамына кирди.

6) Партияда Искендер жана Райымбек Матраимовдордун дагы бир жакын адамы Канатбек Маматов кирген. Буга чейин Маматов менен Искендер Матраимовдун аялы Минавар Жумаева «АвтоСтолица» компаниясынын негиздөөчүлөрү болушкан. Кийинчерээк Канатбек Маматов негиздөөчүлөрдүн курамынан чыккан. Ал 2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясынын 65-тизмесинде шайлоого катышкан.

7) Максатбек Ибраимов- мурдагы жылы өткөрүлгөн шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясынын курамы менен катышкан.

Мындан сырткары, партиянын курамында 4-октябрдагы шайлоого “Биримдик” партиясы менен катышкан Пархат Тулендибаев жана Рустам Саякбаев кирген. Ал эми, “Кыргызстан” партиясынан Джамиля Исаева да кошулган.

Башкача айтканда, “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын курамында 2020-жылы 4-октябрда добуш сатып алууга жана административдик ресурс колдонууга шектелип, революцияны тутандырган үч партиянын 12 кандидаты бар.

Мындан сырткары, “Бүтүн Кыргызстан” жана СДПК партияларынын курамына кирген талапкерлердин көбү 2020-жылдагы парламенттик шайлоого ушул эле партиялар менен катышышкан. Ал эми, “Легалайз” жана “Күчтүү регион” партиялары менен катышып жаткандардын эч бири мурдагы парламенттик шайлоого катышкан эмес. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты