​“Мекеним Кыргызстан” жана “Биримдик” партияларынын талапкерлери быйыл “Ата-Журт Кыргызстан” жана “Ынтымакка” кошулду (Фактчекинг)

11-октябрь күнү Айбек Турдалиев аттуу Фейсбук колдонуучусу, “2020-жылы парламенттик шайлоого катышкан “Биримдик” менен “Мекеним Кыргызстан” партиялары бул жылы “Ынтымак”, “Ишеним” жана “Ата-Журт Кыргызстан” партиялары” деген билдирүүнү бөлүшкөн.

​“Мекеним Кыргызстан” жана “Биримдик” партияларынын талапкерлери быйыл “Ата-Журт Кыргызстан” жана “Ынтымакка”  кошулду (Фактчекинг)

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Партиядагы 7 талапкер мурда “Мекеним Кыргызстандын” курамында болгон

10-октябрда «Ата Журт Кыргызстан» партиясы шайлоо алдындагы курултайын өткөрүп, 28-ноябрда боло турган шайлоого катышуучулардын тизмесин бекитти.

Партиянын алдынкы бештигине Айбек Маткеримов, «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев, мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров, Өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борборунун директорунун мурдагы орун басары Жамила Исаева жана Ош шаарынын мурдагы мэри Таалайбек Сарыбашов кирди.

Партиянын курамында 54 талапкер бар. Алардын арасынан 2020-жылы “Мекенчил” партиясы менен парламенттик шайлоого 8 талапкер катышкан. Партия лидери Айбек Маткеримов да мурдагы шайлоого УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жетекчилик кылган “Мекенчил” партиясы менен аттанган.

​“Мекеним Кыргызстан” жана “Биримдик” партияларынын талапкерлери быйыл “Ата-Журт Кыргызстан” жана “Ынтымакка”  кошулду (Фактчекинг)

Партиядагы 34 талапкер былтыркы жылы болуп өткөн парламенттик шайлоого катышкан эмес. Бирок, көпчүлүгү мурдагы “Ата-Журт” партиясынын курамына кирген же үгүттөөчүлөрү болушкан.

“Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын курамынын 14%ы же жетөөсү 2020-жылы “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен парламенттик шайлоого катышкандар түзөт.

Алар:

  1. Каныбек Нарбаев — “Мекеним Кыргызстан” партиясынын 116-тизмесинде шайлоого катышкан. Ал 2013-жылга чейин Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык агенттигинин башчысы болуп турган.
  1. Берадор (Бек) Борбуев — ырчы Бек Борбиев өткөн шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен 113-тизмеде орун алган. 28-ноябрда боло турган шайлоого “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы менен бара жатат.
  1. Гулшаркан Култаева- 2020-жылдан бери “ОсОО Транс визит” компаниясына жетекчилик кылат. “Мекеним Кыргызстан” партиясынын 24-тизмесинде шайлоого катышкан.
  1. Арсланбек Эгембердиев- “АККА Петролеум” компаниясынын жетекчиси. Парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясынын 136-тизмесинде орун алган.
  1. Алишер Козуев- мурдагы бажы кызматынын орун басары, Райымбек Матраимовдун жакын адамы экени белгилүү болгон. Ал, Раимбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова (Аманда Тургунова) менен “Россия Нефть” АЗСке ээлик кылып келген.

​“Мекеним Кыргызстан” жана “Биримдик” партияларынын талапкерлери быйыл “Ата-Журт Кыргызстан” жана “Ынтымакка”  кошулду (Фактчекинг)

Кийинчерээк, Юстиция министрлигинин сайтында жетекчиси жалгыз Козуев Алишер болуп өзгөргөн. Козуев азыр “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын курамына кирди.

  1. Партияда Искендер жана Райымбек Матраимовдордун дагы бир жакын адамы Канатбек Маматов кирген. Буга чейин Маматов менен Искендер Матраимовдун аялы Минавар Жумаева «АвтоСтолица» компаниясынын негиздөөчүлөрү болушкан. Кийинчерээк Канатбек Маматов негиздөөчүлөрдүн курамынан чыккан. Ал 2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясынын 65-тизмесинде шайлоого катышкан.
  2. Максатбек Ибраимов- мурдагы жылы өткөрүлгөн шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясынын курамы менен катышкан.

Мындан сырткары, партиянын курамында 4-октябрдагы шайлоого “Биримдик” партиясы менен катышкан Пархат Тулендибаев жана Рустам Саякбаев кирген. Ал эми, “Кыргызстан” партиясынан Джамиля Исаева да кошулган.

Башкача айтканда, “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын курамында 2020-жылы 4-октябрда добуш сатып алууга жана административдик ресурс колдонууга шектелип, революцияны тутандырган үч партиянын 10 кандидаты бар.

“Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын Камчыбек Ташиев менен байланышы

Камчыбек Ташиев 2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Мекенчил” партиясы менен катышкан. Ал эми азыр “Ата-Журт Кыргызстан” партиясын мурда “Мекенчилдин” курамында болгон Ташиевдин партиялашы Айбек Маткеримов жетектейт.

Мындан сырткары, “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын Фейсбуктагы баракчасынын аты да алгач “Мекенчил” саясий партиясы болгону көңүлдү бурат.

​“Мекеним Кыргызстан” жана “Биримдик” партияларынын талапкерлери быйыл “Ата-Журт Кыргызстан” жана “Ынтымакка”  кошулду (Фактчекинг)

Сүрөттө көрсөтүлгөндөй, 2020-жылдын 8-августунан баштап “Мекенчил” партиясы деп көрсөтүлгөн баракча, 2021-жылдын 19-мартынан баштап “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясы деп өзгөртүлгөн.

Бийликке ыктаган “Ынтымак” партиясы

“Ынтымак” саясий партиясы 11-октябрда съезд өткөрүп партиядагы алдыңкы 15 кандидатты жарыялаган. Ага ылайык, партияны 4-октябрдагы шайлоого “Ыйман Нуру” партиясын жетектеп барган Чыңгыз Макешов лидер болгону белгилүү болду.

“Ынтымак” партиясынын курамы толугу менен жарыялана элек. Бирок, 15 талапкердин ичинен үчөө, Марлен Маматалиев жана Абдиталип Акимов мурда “Мекеним Кыргызстан” партиясынын курамында, ал эми Сагындык Келдибаев “Биримдик” партиясы менен мурдагы шайлоого катышышкан.

Мындан сырткары, мурда “Мекечилдин” курамында болгон Адинай Марипова жана “Реформа” партиясы менен шайлоого катышкан Эрулан Кокулов да бар.

Белгилей кетсек, “Ишеним” саясий партиясынын курамы азыркы учурда жарыялана элек.

Жыйынтык: 2020-жылы 4-октябрда парламенттик шайлоодо массалык мыйзам бузууга шектелген “Мекеним Кыргызстан”, “Биримдик” жана “Кыргызстан” партияларынын талапкерлери, азыркы “Ата-Журт Кыргызстан” жана “Ынтымак” партияларына кошулганы чын.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты