“Эл Үмүтү” саясий партиясында мурдагы “Мекенчилдер” жана Теңгиз Бөлтүрүктүн жакын адамы бар экени чындык (Фактчекинг)

7-ноябрь күнү Лейла Сейитбек аттуу Фейсбук колдонуучусу “Эл Үмүтү саясий партиясы Айгүл Жапаровага таандыкпы? Партияда Теңгиз Бөлтүрүктүн жакыны да бар. Кызык компания, бирок бири-бирине чоочун эместей.”,- деген билдирүү калтырган.

“Эл Үмүтү” саясий партиясында мурдагы “Мекенчилдер” жана Теңгиз Бөлтүрүктүн жакын адамы бар экени чындык (Фактчекинг)

ПолитКлиника медиасы “Эл үмүтү” партиясынын курамын анализдеп көрдү.

“Эл Үмүтү” саясий партиясы жана талапкерлер

28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоого, “Эл Үмүтү” партиясынан талапка ылайык 54 талапкер катталган.

Болот Ибрагимов

“Эл Үмүтү” саясий партиясында мурдагы “Мекенчилдер” жана Теңгиз Бөлтүрүктүн жакын адамы бар экени чындык (Фактчекинг)

Партияны жарандык активист Болот Ибрагимов жетектеп келе жатат. Буга чейин 2021-жылы 1-мартта Болот Ибрагимов “Иш күндүн кечи” теледобооруна “Райымбек Матраимов Кыргызстандагы жалгыз коррупционер эмес жана кандайдыр бир күчтөр аны “коррупциянын символу” кылып жатышы мүмкүн деген оюн айткан. Бул социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, көпчүлүгү Ибрагимовду “коррупционерди колдоп чыкты” деген таризде сынга алышкан.

Канышай Ырысбек кызы

“Эл Үмүтү” саясий партиясында мурдагы “Мекенчилдер” жана Теңгиз Бөлтүрүктүн жакын адамы бар экени чындык (Фактчекинг)

Партияда 3-тизмеде орун алган Ырысбек кызы Канышай  “Тянь-Шанды сактоо” экологиялык кыймылынын лидери катары белгилүү. Мындан сырткары ал 2021-жылдын август айында бир катар активисттер менен АКШнын Бишкектеги элчилигинин алдына Кумтөр маселеси боюнча митингге чыгышкан. Митингдин катышуучулары Нью-Йорк сотунан канадалык Centerra Gold Inc компаниясына тиешелүү чара көрүүнү талап кылышкан.

Канышай Ырысбек кызы партияга ири сумма которгон адамдардын бири. Ал 2-ноябрда “Эл үмүтү” партиясына 840 миң өлчөмүндө акча которгон.

“Эл Үмүтү” саясий партиясында мурдагы “Мекенчилдер” жана Теңгиз Бөлтүрүктүн жакын адамы бар экени чындык (Фактчекинг)

Мындан сырткары Канышай Ырысбек кызы өзүнүн инстаграм барачасына да көп суммадагы акчанын сүрөтүн киргизип “белгисиз адамдар берди, мен бул акчаны партияга которууну чечтим” деп айткан. Азырынча партияга чоң суммада акча бергендер ким экени белгисиз. Бирок Конституциялык мыйзамдын «Шайлоо фонддору» беренесине ылайык, атын атабай «аноноимдүү булактардын» кайрымдуулук кылуусуна жол берилбейт. Башкача айтканда, бул мыйзам бузуу болуп саналат.

Ташматов Алибек

“Эл Үмүтү” саясий партиясында мурдагы “Мекенчилдер” жана Теңгиз Бөлтүрүктүн жакын адамы бар экени чындык (Фактчекинг)

Партияда жетинчи тизмеде орун алган Алибек Ташматов спортчу. Ошондой эле, январь айында өткөрүлгөн Президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун ишенимдүү адамы катары катталган.

Кубанов Нурсултан

“Эл Үмүтү” саясий партиясында мурдагы “Мекенчилдер” жана Теңгиз Бөлтүрүктүн жакын адамы бар экени чындык (Фактчекинг)

2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Бир Бол” партиясы менен катышкан. 2018-жылдан бери “Перспектив.кж” компаниясын жетектеп келет.

Шаякматов Ниязбек

Партияда 18-тизмеде орун алган Ниязбек Шаякматов 2020-жылдагы парламенттик шайлоого “Мекенчил” партиясы менен катышкан. Ошол учурда “Мекенчил” партиясын УКМК башчысы Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаровдун иниси Сабыр Жапаров жетектеп турушкан.

Наристе Калчаев

“Эл Үмүтү” саясий партиясында мурдагы “Мекенчилдер” жана Теңгиз Бөлтүрүктүн жакын адамы бар экени чындык (Фактчекинг)

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү саясатчы Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернаторун барымтага алган» деген айыптын негизинде соттолгон. Дал ушул иште, “Эл үмүтү” партиясынын мүчөсү Наристе Калчаев да “Митинг уюштурууга аракет кылган” деген айып менен кармалган. Азыркы учурда Калчаев “Нур-Бакай ЖЧКсынын” директору катары белгилүү.

Болтуруков Данияр

“Эл Үмүтү” саясий партиясында мурдагы “Мекенчилдер” жана Теңгиз Бөлтүрүктүн жакын адамы бар экени чындык (Фактчекинг)

Партияда 26-тизмеде орун алган Данияр Болтуруков, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн иниси. Буга чейин ЖМКларда Теңгиз Бөлтүктүн агасы Өмүрбек Бөлтүрүков алты ирет президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиргени менен талапкер катары катталбаганы айтылган. Данияр Болтуруков, Өмүрбек Бөлтүрүковдун уулу. Буга чейин жарандык активист катары, 8-марттагы “Аялдардын укугу боюнча” парадга каршы чыккан.

Нишанбай уулу Таалайбек

“Эл Үмүтү” партиясында 42-тизмеде орун алган Таалайбек Нишанбай уулу 2020-жылдагы парламентти шайлоодо “Мекенчил” партиясы менен катышкан. Ал, №18-кесиптик лицейде мугалим болуп эмгектенет.

Акылбек Баяманов

Акылбек Баяманов 2020-жылы 4-октябрда өткөрүлгөн парламеттик шайлоодо “Мекен Ынтымагы” партиясынын ишенимдүү өкүлү катары катталган. Ал эми, Акылбек Баямановдун тууганы “Мекенчил” партиясы менен шайлоого катышкан Эркинбек Баяманов “Мекенчил” партиясына 1 миллион сом өлчөмүндө акча которгон.

Мындан сырткары партияда шаардык кеңештин депутаттыгына НДПК, “Биздин эл” сыяктуу партиялар менен катышкан талапкерлер да бар. Тизмедегилердин көпчүлүгү, 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышкан эмес.

“Эл Үмүтү” партиясынын курамындагы 54 талапкердин 26 сы же партиянын 46%ы жумушсуз. Ал эми Жогорку билимдүүлөр 85% ды түзсө, талапкерлердин сегизи бакалавр даражасын бүтүрүшкөн.

Жыйынтык: “Эл Үмүтү” партиясында, мурда “Мекенчил” саясий партиясынын курамында болгондор жана Теңгиз Бөлтүрүктүн тууганы бар экени чындык.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты