Пара талап кылуу фактысы боюнча Биринчи май райондук кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери кармалды (Видео)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан 1-октябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери К.Т.Б. пара алып жаткан жеринен кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш жообуна тартылып, камакка алынат деп коркутуу жолу менен чет элдик жарандан 150 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча Биринчи май районунун кылмыш иликтөө бөлүмүнүн улук ыкча кызматкери жазык-процесстик кодекстин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалды жана андан аркы тергөө жана ыкчам иш-чараларын жүргүзүү үчүн КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты