#ПАЙДАЛУУ: Эс алуу күндөрүн кызыктуу өткөрүүгө беш сунуш
- 2 года мурун
Жума аягында токтобогон жашоо темпин бир аз жайлатып, эс алгыбыз келет. Бул күндөр эс алуу менен биргеликте жүктү жеңилдетүү, жан дүйнөнүн тынчтыгын орнотуу жана өзүңүзгө жаккан иш менен алектенүү үчүн идеалдуу убакыт. Биз бул чыгарылышта дем алыш күндөрүн кантип кызыктуу өткөрсө болору тууралуу бир нече идея сунуштайбыз.
Сүрөт @artparty_kg баракчасынан алынды
Арт кечеси
Шаарыбызда жагымдуу жагдайда керектүү шаймандар менен сүрөт тартууну сунуштаган арт кечелери өткөрүлүп турарын билет белеңиз? Мындай эс алуунун түрү эстетикалык табитти өөрчүтүп, чыгармачылык эргүү тартуулайт. Бул жерде сиз кызыктуу адамдар менен таанышып, идеяларды бөлүшүп, өзгөчө атмосферада убакыт өткөрө аласыз. Сүрөт тартуу жөндөмү талап кылынбайт. Сизге баарын көрсөтүп, тартуу процессинде жардам беришет. Кеченин аягында өз эмгегиңизди алып кетсеңиз болот.
Баракча: @artparty_kg
Байланыш үчүн: 0555953088
Баасы: 1400 сом
Дареги: ар жумада алмашат
Сүрөт @karapa.art.kg баракчасынан алынды
Карапа өнөрү боюнча мастер-класс
Эс алуу күндөрүн чыгармачылык менен өткөрүүнү каалагандар үчүн дагы бир сунуш бул карапа өнөрү боюнча мастер-класска барып келүү. Мындай мастер-класстарда чопо менен иштөө ыкмаларын өздөштүрүп, анын текстурасын сезип, өз колуңуз менен уникалдуу буюм жасай аласыз. Процесске тажрыйбалуу устаттар жетекчилик кылат жана жасагандарыңызды өзүңүз алып кетсеңиз болот. Түгөйүңүз же досторуңуз менен барып, жагымдуу убакыт кечирүүнү сунуштайбыз.
Баракча: @karapa.art.kg
Байланыш үчүн: 0555195135
Баасы: 1200 сом
Дареги: Бишкек ш. Чүй проспекти 127
Китеп сүйүүчүлөр клубу
Эгер сиз китеп окууну жана интеллектуалдык баарлашууну бааласаңыз, дем алыш күнүңүздө китеп сүйүүчүлөр клубуна баруу эң мыкты тандоо. Биз сунуштаган клубда ар түрдүү жанрлар боюнча китептерди талкуулап, алардын идеяларын жана таасирин түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Клуб жума сайын чогулуп, жаңы китептердин авторлорун, стилдерин жана темаларын талкуулайт. Бул баарлашуулар көркөм чыгармачылыкты, анализдөө жана сын көз карашты өнүктүрүүгө шарт түзөт. Ошондой эле катышуучулар үчүн пайдалуу болгон семинарлар, турлар, оюндар жана чогулуштар өткөрүлүп турат.
Баракча: @knigolub_club_kg
Байланыш үчүн: 0708068198
Баасы: бекер
Дареги: Бишкек ш. Ибраимов көч. 115/1
Сүрөт @oyunteam.kg баракчасынан алынды
Стол оюндары
Стол оюндары достор менен чогуу убакыт өткөрүүгө, көңүл ачып, логикалык жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берет. Стратегиялык Маджонгдон баштап, фантастикалык D&Dге чейинки 20дан ашык стол оюндарын үйрөнүп, ойной аласыз. Алар бир эле учурда эс алууга жана мээни машыктырууга мүмкүндүк берет. Майрам күндөрү оюндар менен коштолгон ар кандай тематикалык кечелер өткөрүлүп турат.
Баракча: @oyunteam.kg
Байланыш үчүн: 0502500018
Баасы: 100-500 сом
Дареги: өзгөрүп турат
Сүрөт mndance.kg баракчасынан алынды
Бачата жана сальса бийлери
Бий өзгөчө натыйжалуу формада адамдарга өздөрүн эркин сезүүгө жардам берет. Активдүүлүк менен жума ичи топтолгон стресстен арылуу үчүн социалдык бийдин түрлөрү менен алектенүүнү сунуштайбыз. Бачата жана сальса бийлеринин техникаларын үйрөнүү сиз тааныбаган коомчулуктагы адамдар менен да даярдыксыз бийлөөгө жардам берет. Буга чейин мындай бийдин түрү мене алектенбеген болсоңуз, таанышуу сабагына жазылганыңыз оң. Андан соң, группалык сабактарды алып, атайын уюштурулган кечелерге барып турсаңыз болот.
Баракча: mndance.kg
Байланыш үчүн: 0999876686
Баасы: 500 сом (таанышуу сабагы)Дареги: Бишкек ш. Турусбеков көч.9
Сүрөт: интернет булактары




