Ош шаарында коопсуздук эрежелерин сактабаган компанияга айып пул салынды
- 9 месяцев мурун
Ош шаарында жайгашкан көп кабаттуу үйдүн курулушунда коопсуздук талаптары одоно бузулган. Бул тууралуу Курулуш жана архитектура министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы билдирди.
Текшерүү иштери Муса Жалил көчөсүндөгү №2Б дарегинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдө жүргүзүлгөн. Объект “Саламат Курулуш” ЖЧКсына таандык экени белгилүү болду. Адистердин маалыматына ылайык, курулуш иштеринде СН КР 12-02:2018 “Курулуш өндүрүшүн уюштуруу” жана СН КР 12-01:2018 “Курулушта эмгек коопсуздугу” нормалары сакталган эмес.
Буга байланыштуу компанияга Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынып, кошумча түрдө жазуу түрүндө эскертүү берилди.
Мамлекеттик орган курулуш тармагындагы коопсуздукту камсыз кылуу жана мыйзам талаптарынын сакталышын көзөмөлдөө иштерин улантаарын билдирди.




