Ош облусунун Чоң-Алай районунда жер титиреди
- 4 месяца мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 1-июль күнү, эртең мененки саат 07:49да өлкө аймагында MSK-64 шкаласы менен очогунда күчү 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Чоң Алай районунун Кара-Шыбак, Жар-Башы, Дароот-Коргон, Чак, Кулчу, Кызыл-Эшме, Жаш-Тилек айылдарында 3 балл, Шибээ, Кабык айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөө Кара-Шыбак айылынан 6 чакырым түштүк батышта, Жар-Башы айылынан 7 чакырым түштүк чыгышта, Дароот-Коргон айылынан 10 чакырым түштүк батышта болгон.
Баштапкы маалыматка караганда жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Иллстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү