Ош облусунда жер титирөө катталды
- 2 года мурун
Бүгүн, 8-февралда саат 11:50дө Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматында жер титирөөнүн күчү 3 баллга чейин жетти.
Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында Кара-Жыгач айылынан 10 км түштүк-батышка, Курак айылынан 12 км түштүк-чыгышка, Ош шаарынан түштүк-чыгышка 55 км аралыкта Академик Адышев кырка тоосунда катталды.
Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөөнүн интенсивдүүлүгү Кара-Жыгач жана Тогуз-Булак айылдарында 2,5 балл, ал эми Курак айылында 2 баллга жетти.
Сүрөт: seismo.kg
Муну бөлүшүү




