Ош облусунда кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду (Видео)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Ош шаардык ички иштер башкармалыгы менен бирге Ош облусунун тургунунан опузалап акча талап кылган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

1996-жылы туулган А.у.К. жана 1995-жылы туулган Ж.у.Ч. аттуу жарандар физикалык зомбулук көрсөтөбүз деп коркутуу менен Ош облусунун Кара-Суу районунун А.С. аттуу тургунунан 30 миң сом өлчөмүндө акча каражатын, ошондой эле ай сайын 15 миң сом өлчөмүндө акча төлөп турууну талап кылышканы аныкталды.

29-июнда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында жогорудагы жарандар кармалган. Учурда кылмыштын уюштуруучусу убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты