Ош облустук соту блогер Батмакан Жолболдуеванын бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды  

  • 2 года мурун

Ош облустук соту 13-майда блогер Батмакан Жолболдуеванын бөгөт чарасын карады. Ош облустук соту шаардык соттун чечимин күчүндө калтырды.

Ош шаардык соту 21-апрелде аны 26-майга чейин камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарган.

Баткен облустун соту мурунку инстанциядагы соттун блогерди камакта кармоо чечимин күчүндө калтырган.

Ишти Ош облустук милициясы тергемей болуп, 15-апрелде Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан Ошко өткөрүлүп берилген.

Журналист Арзыгүл Галымбетова жергиликтүү милицияга 25-мартта кайрылып, ”Батма-бат” Youtube каналынын автору Батмакан Жолболдуева аны каралап жатканын айтып арыз жазган.

25-мартта арыздануучу чыр-чатактан соң, саламаттыгы начарлап саат 20.00дөр чамасында ооруканага кайрылат. Арзыгүл Галымбетовага дарыгерлер жардам көрсөткөндүгүнө карабай ошол эле түнү каза болуп калат.

Бул факты боюнча арыздануучунун арызынын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 127-беренеси (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Тергөө иштеринин негизинде Баткен шаарынын 33 жаштагы тургуну, Батмакан Жолболдуева кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу 28-мартта камакка алынган ”Батма-бат” YouTube каналынын автору Батмакан Жолболдуева бир айга камакта калтырылган.

25-мартта AKИpress маалымат агенттигинин аймактык кабарчысы Арзыгүл Галымбетова көз жумган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты