Ош мэри “Келечек” базары жаңы жайга көчүрүлөрүн айтты

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 4-августта Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жаңы курулуп жаткан муниципалдык базардын жанындагы аймакка “Келечек” базарын көчүрүү боюнча соодагерлер менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда мэр жаңы базардагы санитардык, архитектуралык шарттар жана соодагерлер үчүн түзүлө турган мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берип, көчүрүүнүн негизги максаты — сооданын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыз кылуу экенин белгиледи.

Соодагерлер базардагы орун, ижара баасы жана башка маселелер боюнча суроолорун берип, пикирлерин билдиришти.

Жаңы базар заманбап талаптарга жооп берип, соодагерлер үчүн ыңгайлуу шарттар менен камсыздалат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты