Орусияда кайрадан мигранттарды текшерүү күчөдү (Видео)

Камактагылар Волгограддагы түрмөнүн кызматкерлерин барымтага алган окуядан кийин Орусияда мигранттарды текшерүү күчөдү.

«Текшерүүлөр күчөдү. Мисалы, буга чейин МАИ кызматкерлери документтерибизди текшерип эле кое беришчү. Азыр күч түзүм кызматкерлери автобустар менен турушат. Мен шаарда көп жүрөм. Мындай көрүнүштү акыркы үч күндөн бери байкап жатам. Алар 5-6дан такси токтотуп, иттер менен текшерип жатышат» деди кыргызстандык Айбек (аты-жөнү өзгөртүлдү) аттуу мигрант.

23-августта Волгоград облусундагы №19 катаал режимдеги түрмөнүн барымтага алынган кызматкерлери бошотулуп, кылмышка шектүүлөр жок кылынган. Ага чейин алардын колунан Жаза аткаруу кызматынын төрт өкүлү каза болуп, дагы үчөө жаракат алган.

Орус бийлигинин маалыматына караганда, түрмө кызматкерлерин барымтага алгандардын экөө Өзбекстандын, дагы экөө Орусиянын тажик тектүү жарандары болгон. Алар «Ислам мамлекети» террордук тобуна мүчө экенин билдирип, «Крокус Ситидеги» терактты уюштурууга айыпталып кармалган «мусулман агайындар үчүн өч алып жатышканын» айтышкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты