Онкологиялык оор дартка кабылган  Алина Батурова кызын бир көрүүгө зар болуп, көз жумду

  • 2 года мурун

Рак оорусунун оор түрүнө кабылып, кыйын абалда жаткан Алина Батурова (Алина Алмас кызы) кайтыш болуп калды.

Бул тууралуу “Жашоо үчүн бирге”  фондунун директору Шайыр Сагынбаева ЖМКга билдирди.

Өлүм алдында кыйналып жатканда Алина Батурова Казакстандын Жамбыл облусунун Кордой районунда жашаган беш жашар кызы менен жолугууну самаган. Бирок Батурованын күйөөсү буга макул болгон эмес. КР тышкы иштер министрлигинин башкы консулдугу Казакстандын ТИМине акыркы өтүнүчтү аткарууга кол кабыш кылуу боюнча кайрылган. Тилекке каршы, ал суроо да аткарылган эмес.  

Алина Батурова  бир нече жылдан бери онкологиялык дартка, эмчек рагына кабылгандыгы маалым болгон. Бирок кыйналганына карабастан, өзү сыяктуу оорулууларга жардам берип келген. Улуттук онкологиялык борбордун маммология бөлүмүндө дарыгер болуп иштеген.

Дартка чалдыкканда аны күйөөсү таштап кетип, кичине кызы менен көрүшүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес.     

Сүрөт: RFE/RL 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты