«Омикрон» катталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга киргизилбейт

  • 2 года мурун

1-декабрдан тарта Кыргызстанга кирүүдө адамдардан коронавирус жоктугун тастыктаган милдеттүү ПЧРтест талап кылынат. Инфекциянын жаңы «Омикрон» штаммы катталган мамлекеттердин жарандары өлкөгө киргизилбейт.

29-ноябрдагы расмий маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги аталган штамм аныкталган өлкөлөрдөгү жагдайга байкоо салып, маалыматтарды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына берет.

Чет элдиктер жана кыргызстандыктар эмделүү макамынан көзкарандысыз түрдө, милдеттүү тартипте коронавирус инфекциясына ПЧР-тест тапшырууга тийиш.

Мамлекеттик органдарга COVID-19 жаңы штаммына байланыштуу толук даярдыкта туруу тапшырмасы берилди.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги, Тышкы иштер министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен COVID-19дун жаңы штаммына байланыштуу чукул консультация өткөрүлгөн.

Түштүк Африкада 11-ноябрда аныкталган коронавирустун бул түрү мурдагыларга салыштырмалуу ылдам тарап жатканы, буга чейин вирустун башка штаммдары менен ооругандарга жукканы кабарланган.

«Омикрон» Ботсвана, Израил, Бельгия, Гонконг, Британия, Австралия, Италия жана Германияда аныкталды. Көпчүлүк мамлекеттер бул штамм катталган өлкөлөргө аба каттамдарын токтотуп, чек араларын жапты.

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 183 миңден ашып, 2750гө жакын адам көз жумду.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты