Облустарга жаңы прокурорлор дайындалды. Ким каякта иштейт?

  • 1 месяц мурун

Кыргызстандын Башкы прокурору Максат Асаналиев бир катар облустардын прокурорлорун дайындады. Бул тууралуу 5-августта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,

  • Шукурбеков Азизбек — Чүй областынын прокурору;
  • Каримов Эмирбек — Ысык-Көл областынын прокурору;
  • Молдокматов Абай — Баткен областынын прокурору;
  • Кубатидинов Абдирашит — Нарын областынын прокурору;
  • Расулов Мирбек — Талас областынын прокурору болуп дайындалышкан.

Ал эми, Уркунбаев Эмилбек Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокурору кызмат ордуна келгендиги белгилүү болду.

«Максат Асаналиев жаңы дайындалган жетекчилерге мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылууда өз милдеттерин жогорку деңгээлде аткаруу талабын коюу менен бирге, жооптуу кызматтарында албан ийгиликтерди каалады»,- деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: Интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты