Нурсултан Назарбаевдин иниси Самат Абиш кызматынан бошотулду

  • 2 года мурун

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин агасынын уулу Самат Абиш өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Казакстандын президентинин расмий сайтында айтылат.

Буга чейин Казакстандын атайын кызматы Самат Абиш эмгек өргүүсүндө экенин кабарлаган.

7-январда жергиликтүү басылмалар укук коргоо органдарындагы өздүк булактарга таянуу менен Самат Абиш Алматыда кармалганын жазышкан. Анын артынан эле атайын кызмат бул маалыматты төгүндөп чыккан.

Буга чейин Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимов 6-январда кызматтан алынып, ошол эле күнү кармалып, тергөө абагына камалган. Ага алгач “мамлекетке чыккынчылык кылган” деген айып тагылган, кийин “бийликти басып алуу” беренеси кошулганы 13-январда белгилүү болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты