Нурлан Жумаев суу ресурстары кызматынын жетекчиси болуп дайындалды

  • 4 дня мурун

Нурлан Жумаев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары — суу ресурстары кызматынын жетекчиси болуп дайындалды.

Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Бул тууралуу буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.  

Маалыматта Нурлан Жумаевдин тажрыйба- таржымалы келтирилген. Ал 1974-жылы туулган, эки жогорку билимдүү, Казак айыл чарба институтун жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктаган. 2002 — жылдан баштап жетекчи кызматтарда иштеген: Жети-Өгүз токой чарбасынын директору (2003-2005), мамлекеттик токой кызматында жана айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинде бөлүм башчы (2005-2010).

2010-жылы президенттик администрациянын жана өкмөттүн аппаратынын түзүмдөрүндө агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу боюнча эксперт, ал эми 2012-2015-жылдары экология жана АӨК маселелери боюнча эксперт катары мамлекеттик кызматты баштаган.

2015-2021-жылдары айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, андан соң токой экосистемасын өнүктүрүү департаментинин директору болуп иштеген.

2021-2024-жылдары айыл чарба министрлигинин токой чарба бөлүмүнүн башчысы, ал эми 2024 — жылдын март айынан суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин чечимдерди ишке ашыруу башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.

Сүрөттө: Нурлан Жумаев. Министрликтин басма сөз кызматы тараткан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты