Нурдан Орунтаев турак жайдын мыйзамдуулугун QR-код аркылуу текшерсе болорун билдирди
- 2 года мурун
“2025-жылдын январь айынан баштап ар бир курулуп жаткан объектиге QR-код орнотулушу керек» — деди Мамлекеттик курулуш комитетинин башчысы Нурдан Орунтаев.
Анын айтымында, QR-код курулуштун мыйзамдуу экенин аныктоого мүмкүндүк берет.
«QR-код курулуп жаткан имараттын 1х1 метрден кем эмес өлчөмүндөгү убактылуу атайын тосмосуна илиниши керек. Бул QR-код менен телефонуңуз аркылуу Мамкурулуштун сайтына кирип, курулуштун мыйзамдуулугун текшерсеңиз болот«, — деп билдирген Нурдан Орунтаев.
Ал кошумчалагандай, курулуш компаниялары январь айынын аягына чейин QR-коддорун илип коюшу керек. Талапты аткарбагандарга айып пул салынат.
Сүрөт: Интернеттен алынды
Муну бөлүшүү




