Нурбек Сатаров президенттин Нарын облусундагы өкүлү болду
- 1 год мурун
Нурбек Сатаров президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин президенттин Нарындагы өкүлү Алтынбек Эргешов болчу. Ал 26-июнда Токмок шаарынын мэри болуп дайындалган. Эске салсак, Токмоктун мэри Максат Нусувалиев 25-июнда УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган.
Нурбек Сатаров 2023-жылдын 16-октябрынан 2024-жылдын 14-мартына чейин президенттин Нарындагы өкүлүнүн орун басары болуп иштеген.
2020-жылы Ат-Башы районунун акими, 2021-жылы Ала-Бука районунун акими, 2022-жылы Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри болгон.
Муну бөлүшүү




