Novotel мейманканасынан чыккан өрт өчүрүлдү  

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын Ленин районунун Манас көчөсүндө жайгашкан Novotel мейманканасынан өрт чыккан.

Бишкекте жаңы ачылган Novotel отелинен өрт чыккандыгы тууралуу Shtraf_kg. Телеграм-каналында видео жайгаштырылды.  

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымат берди.  

Өрттү өчүрүүгө саат 15:43тө  эки өрт өчүрүүчү бөлүм жана автошаты менен штаб тартылган.

Өрт саат 16:12де чектөөгө алынып, 16:47де толук өчүрүлдү.

Мейманкананын электр зымдары жана сырткы жасалгасы күйгөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталып жаткандыгы белгиленди.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты