Новопокровка айылында өрттөн эки киши каза болду

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында кафеден өрт чыгып, эки киши набыт кетти. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрттөн кафенин кароолчу жашаган бөлмө толугу менен күйүп, анын кесепетинен эки адам каза тапкан.

ӨКМден билдиришкендей, өрт саат 06:30да чектөөгө алынып, саат 06:50дө толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты