Ноокатта турак үй өрттөнүп, бир киши каза тапты
- 2 года мурун
Бүгүн, 14-декабрда Ош облусунун Ноокат районундагы Шаңкол айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен 67 жаштагы киши каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, аталган мекемеге өрт тууралуу маалымат түшкөндөн кийин өрттү өчүрүүгө саат 08:30да Ноокат райондук №71 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган. Саат 10:50дө өрт толук өчүрүлгөн.
«Өрттүн кесепетинен 1957-жылы туулган А.С. аттуу эркек киши каза болуп, тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди»,- деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: ӨКМнын басма сөз кызматы
Муну бөлүшүү




