Назарбаевдин кудасы Кайрат Боранбаев эки айга камалды

  • 2 года мурун

Казакстанда экс-президент Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаеванын мурдагы кудасы Кайрат Боранбаевдин бөгөт чарасы каралып, ал эки айга камакка алынды.

Расмий маалыматта Боранбаев «мамлекет менен бирге түзүлгөн ишканадан ири суммадагы каражатты уурдоого» айыпталып жатканы жазылган.

Боранбаев кармалганын жергиликтүү басылмалар 15-мартта кабарлашкан. 17-мартта «Целинный» заманбап маданият борбору анын ишин калыс тергөө өтүнүчү менен президент Касым-Жомарт Токаевге кат жолдогон.

Казакстандык бизнесмен Кайрат Боранбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаеванын кудасы. Боранбаевдин кызы Алима 2013-жылы мурдагы президенттин небереси Айсултан Назарбаевге турмушка чыккан. Айсултан 2020-жылы Лондондо каза болгон жана британ басылмалары ал кокаинге ууланып калганын кабарлашкан.

Боранбаев 2016-жылдан бери Казакстандын эң бай адамдарынын катарын толуктайт. Ал McDonald’s брендин казак жергесинде франчайзинг ыкмасында иштетет. Өзү “Алмалы” активдерди башкаруу компаниясына, «Кемикал» мунай-химиялык компаниясы, “Алекс” минералдык суу чыгаруу ишканасына ээлик кылат. Мындан сырткары Phystech II акционердик коому жана “КазТурбоРемонт” холдинг компанияларында үлүштөрү бар.

Бизнесмен башкалар менен чогуу кожоюндук кылган Караганды шаарындагы фармацевтикалык комплекс Орусиянын өндүрүшүндөгү коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасын өз алдынча чыгарат. Аны казак мамлекеттик мекемелери сатып алат.

Боранбаевдин кармалганы тууралуу маалымат сот Нурсултан Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалдыны эки айга камакка алуу чечимин чыгаргандан көп өтпөй пайда болду. 13-мартта Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Сатыбалды кызмат абалынан кыянат пайдаланууга жана «Казактелеком» ишканасынан ири өлчөмдө акча кымырууга шектелип кармалганын кабарлаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты