Назарбаевдин иниси Самат Абиш Улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары кызматынан кетпегени кабарланды

  • 2 года мурун

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси (каза болуп калган агасы Сатыбалдынын уулу) Самат Абиш өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары кызматын сактап калды. Бул тууралуу мекеме 14-январда жарыялаган билдирүүдө айтылат.

Буга чейин жергиликтүү басылмалар өз булактарына таянып, Самат Абиш Алматыда кармалганын кабарлашкан. Бирок атайын кызмат бул маалыматты дароо четке какты.

«Суроолор көп келип жатканына байланыштуу Самат Абиш Улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары кызматында ишин улантып жатканын билдиребиз. Учурда ал эмгек өргүүсүндө», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Акыркы күндөрү Казакстандын мурдагы президентинин жана анын жакындарынын кайда экени тууралуу түрдүү божомолдор айтылып келет. 12-январда жергиликтүү Orda.kz жаңылыктар сайты экс-президенттин улуу кызы Дарига Назарбаеванын жардамчысына шилтеме кылып, ал ооруп калганын, учурда Алматыда экенин кабарлаган. Мажилистин депутаты Назарбаева жыл жаңыргандан бери парламент жыйындарына катыша элек.

13-январда экс-президенттин кичүү кызы Алия Назарбаеванын Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүндөгү баракчалары ачылбай калды. Ага чейин Назарбаева ал баракчаларына кан төгүү менен аяктаган Казакстандагы жапырт нааразылыктар тууралуу алгачкы жолу пикирин жазган.

Telegram’дагы Qumash каналы Алия Назарбаева Казакстандагы окуялар тууралуу билдирүүсү жарыяланган аккаунтуна Бириккен Араб Эмираттарынан киргенин кабарлаган.

Орусиялык саясий серепчи Аркадий Дубнов өз булактарына таянып, Нурсултан Назарбаев Кытайда экенин, анын дагы бир иниси Кайрат Сатыбалды Дубайда кармалганын жазган. Бирок бул маалыматтар азырынча расмий ырастала элек.

Бир катар эксперттер Казакстандагы окуялар азыркы президент Касым-Жомарт Токаев менен Назарбаевдин айланасындагы адамдардын ортосундагы тирешүүгө окшоп жатат деген божомолдорун айтып жатышат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты