«Навальный» аттуу документалдык фильм «Оскар» сыйлыгын жеңип алды

Лос-Анджелес шаарында өткөн америкалык “Оскар” киноакадемиясынын иш-чарасында “Навальный” аттуу фильм “мыкты документалдык фильм” категориясында “Оскар” сыйлыгын жеңип алды. Бул тууралуу «Настоящее время» билдирди.

Документалдык фильмди канадалык режиссер Дэниел Роэр тарткан. Режиссер менен бирге сыйлыкты Алексей Навальныйдын аялы Юлия, уул-кыздары, Дарья жана Захар да алышты.

“Менин күйөөм түрмөдө отурат, анткени ал чындыкты айтат. Демократияны колдогону үчүн түрмөдө отурат. Алексей, сенин боштондукка, эркиндикке чыгаар күнүңдү, өлкөбүздүн эркин болоор күндү эңсейм” деди Юлия Навальная.  

Режиссер Дэниэл Роэр саясатчынын үй-бүлөсүн жана Bellingcat иликтөөчүлөрү Христо Грозева менен ФБК (коррупция менен күрөшүү фонду) Мария Певчихке ыраазылык билдирди.

“Навальный” фильминин бет ачары  2022-жылдын январында өткөн. Фильм 2020-жылдын август айында орусиялык саясатчынын ууландырылышына байланыштуу окуялар, анын Германияда дарыланышы, болгон окуялар тууралуу Москвага кайтканда иликтөөгө аракеттенгени, Москвада камалышы тууралуу баяндайт.   

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты