Нарын облусунда экинчи ирет жер титиреди. Бул жолу очогунда 5 баллга жетти

  • 2 месяца мурун

Сейсмология институтунун билдирүүсү боюнча, бүгүн, 12-майда, саат 13:38те Нарын облусунда очогунда 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул — Нарын облусундагы бүгүнкү экинчи ирет жер титирөө.  

Жер титирөөнүн очогу Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айлынынан 7 чакырым түштүк-батышта, Баетов айылынан 18 чакырым түндүктө. Нарын шаарынан 88 чакырым батышта болду.  

Жер титирөөнүн күчү Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап, Ак- Кыя, Байгөнчөк, Үгүт, Көк-Жар, Ак-Талаа, Кара-Ой айылдарында 4,5 балл, Баетов, Жылан-Арык, 8-март айылдарында 4 балл, Эмгек-Талаа, Достук, Шоро, Дөдөмөл, Кош-Булак, Куланак айылдарында 3 балл, Нарын шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.  

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык бүгүн, 12-майда саат 07:33тө Нарын облусунун аймагында очогунда 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты