Нөшөрлөгөн жамгыр жаашы күтүлөт

  • 2 месяца мурун

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 16-18-май күндөрү нөшөрлүү жаан-чачын болушу ыктымал.

Ага байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Эңкейиш жана төмөн жерлерди суу каптоо, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

ӨКМ селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоону сунуштайт.

16-майда түнкүсүн Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 23…28;

Талас облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 21…26;

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 26…31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 23…28 градус жылыйт.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -2…+3, күндүз 8…13;

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 24…26 градус жылуу болот.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты