Мурдагы депутат Кенжебек Бокоев бир айга камалды
- 4 дня мурун
Талас шаардык сотунун чечими менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоевди 9-июлга чейин камакта калтырды.
Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматы ЖМКга билдирди.
Талас облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Б.К.С. кармалганы маалымдалган.
Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (коррупция) негизинде кылмыш иши козголду. козголгон кылмыш ишинин алкагында 2025-жылдын 9-июнунда Талас облустук ИИБ тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты Б.К.С. Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде кармалып, Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жаткандыгы айтылды.
Шектүү катары кармалган экс-депутаттын инициалдары Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутат болгон Бокоев Кенжебек Сатымкуловичтин аты-жөнүнө туура келет.
Сүрөттө: Кенжебек Бокоев. kenesh.kg