Мобилдик клиника Таласта 3 миңден ашуун тургунду текшерүүдөн өткөрдү

  • 1 год мурун

Талас облусунда иштеп жаткан мульти-диагностикалык мобилдик клиника жергиликтүү элге сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүнү улантууда. 2025-жылдын 30-июнунан тартып, аталган клиника аркылуу Талас шаарынын 3 272 тургуну медициналык текшерүүдөн өтүп, жалпысынан 7 709 кеңеш жана кароолор жүргүзүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Клиникада үй-бүлөлүк дарыгерлер, гинекологдор, офтальмологдор, кулак-мурдун адистери жана башка тармактагы дарыгерлер кызмат көрсөтүүдө. Ал Талас облусунун төрт районунда жана Талас шаарында иштеп, үч ай аралыгында 275 миңден ашуун адамды текшерүүдөн өткөрүүнү пландап жатат.

Бул демилге менен 2021-жылдан бери Баткен облусун кошпогондо, мобилдик клиника өлкөнүн бардык аймактарын кыдырып чыкты. Максаты — алыскы аймактардагы калкты медициналык кароого жеткиликтүү кылуу жана ооруларды өз убагында аныктап, алдын алуу.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев клиника иши менен жеринде таанышып, мындай демилге ар бир жаран үчүн сапаттуу саламаттык сактоо кызматтарын камсыздоого чоң салым кошорун белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты